Илим жана билим

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн окуу китеби чыкты image

31 Май, 2016 1344

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн биринчи жолу “Кыргыз тест” түзүмүнүн талаптарына шайкеш окуу китеби чыкты.  Бул А1, А2, Би1, Би2 деңгээлдери боюнча “Кыргыз тили” окуу-методикалык комплекси,  ар  бир деңгээл боюнча окуу китеби, көнүгүүлөр  жыйнагы жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмодон турат.    

Бул китептер жана окуу курстары  акысыз. Аны  Бириккен Улуттар Уюмунун Адам  укуктары боюнча Башкы башкармалыгы каржылаган. Окуу курстарын  Кыргыз Республикасынын президентине караштуу  Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын окуу борбору, 2015-жылдын ноябрынан бери,  36 мекемеде  72 саат  көлөмдөгү акысыз  курстарды өткөрдү. Эми бул китептерди каалоочулар  «Мамтил kg» сайтынан  алып окуса болот.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз