Коом

Ымыркайларды сатуу көрүнүшү арбыды image

31 Май, 2016 2131

Жашы жете элек балдарды сатуу көрүнүшү  соңку жылдары азайганы менен айрыкча ымыркайларды сатуу көрүнүшү кездешип келет. Өткөн жылы бала сатуу боюнча  жалпы   6 окуя катталса, быйылкы жылдын 5 айында 3  наристе  сатылып кеткен.  Ал эми 15 жаштан 18 жашка чейинки  өспүрүмдөр  арасында   кыздарды сексуалдык кулчулукка  саткан көрүнүштөр  арбын. Тактап айтканда, ал боюнча  былтыры 23 факты аныкталган. Мындай маалыматтар бүгүн  Бишкек шаарында Ички иштер министрлигинин демилгеси менен  уюштурулган  “Республикада  балдарды сатуу: көйгөйлөр жана аны менен күрөшүүдө аракеттерди натыйжалуу ишке ашыруунун улуттук мыйзам ченеми” деген аталыштагы талкууда Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Саламат Адылов  айтты.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз