Дүйнө жаңылыктары

Иран: машыгуу маалында согуштук кеме өнөктөш катерди атып алды image

12 Май, 2020 440

Ирандын «Жамаран» аттуу согуштук кемеси машыгуу маалында кокустан «Конарак» деген ракеталык катерди атып алды. Бул тууралуу Бириккен Араб Эмираттарында жарык көргөн The National гезити менен «Аль-Масдар» басылмасы жергиликтүү журналисттерге шилтеме кылып жазышты.

Окуя ракеталык атуулар учурунда болуп, катер чөгүп кеткени, 40 киши өлгөнү кабарланууда. Стратегияларды жана технологияларды анализдөө борбору катер коюлган бутадан алыс кетүүгө жетишпей калган деп божомолдоодо.

Ал ортодо Tasnim маалымат агенттиги окуя тууралуу деңиз-аскердик флоттун расмий билдирүүсүн жарыялады. Анда машыгуу маалында көмөкчү кеме кыйрап, бир киши каза болуп, бир нечеси жаракат алганы жазылган.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары «Kонарак» катеринин экипажы бута менен болгон аралыкты сактабаганын, жыйынтыгында ага ракета тийгенин кабарлашты.

«Жамаран» Ирандын куралдуу күчтөрүнүн колдонуусуна 2010-жылы киргизилген. Ал Британияда өндүрүлгөн «Алвант» сыяктуу согуштук кемелерге окшоштурулуп жасалган. Кеме «Нур» аттуу канаттуу ракеталар менен куралданган. Ал Кытайдын «Инцзи-8» ракетасынын көчүрмөсү.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз