Кыргызстан жаңылыктары

Журналист Улукбүбү Амирова 42 жашында көз жумду image

19 Май, 2020 308

Баткендеги "Салам медиа" уюмунун жетекчиси, журналист Улукбүбү Амирова 42 жашында көз жумду. Ал инсультка капилет чалдыгып, 18-майда жашоо менен кош айтышты. Улукбүбү Амирова аймактагы белгилүү "Салам" радиосун жетектеп, аны заманбап мултимедиа борборуна айланткан. 

Эл аралык уюмдар менен кызматташып, бир катар программаларды даярдап келген. Президенттин Ардак грамотасына ээ болгон. 2018-жылы Журналисттердин Республикалык курултайында Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссиянын мүчөсү болуп шайланган. Анын сөөгү бүгүн саат 16:00дө Баткен районунун Кара-Бак айылында жерге берилет. "Ала-Тоо 24" каналы Улукбүбү Амированын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тектеш материалдар