Дин

Молдованын православ чиркөөсү коронавируска каршы эмдөөдөн күмөн саноодо image

21 Май, 2020 437

Молдованын православ чиркөөсү – Синод өлкө бийлигине расмий кайрылуу жолдоп, коронавриустун вакцинасы чыккандан кийин эмдөөнүн ыктыярдуу өтүшүн талап кылды.

Кайрылууда “COVID-19дун вакцинасынын жардамы менен кишинин организмине микрочиптер орнотулуп, 5G технологиясынын жардамы менен көзөмөлдөнүшү мүмкүн экенин” айтылган.

Документте америкалык миллиардер, Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтстин аты аталган. Чиркөө аны вакцина аркылуу микрочиптөө технологиясын түзүүгөө жооптуу киши деп эсептейт.

Соңку учурда чиркөө кеп кылган Гейтс, микрочиптер жана 5G жөнүндөгү фейк маалыматтар соцтармактарда кеңири тарап жатат.

Молдованын православ чиркөөсү өлкөдөги эң ири диний уюм болуп эсептелет жана 3 миллиондон ашуун киши келип турат. Негизинен ал Орус православ чиркөөсүнүн курамында, бирок өзүн-өзү башкаруу боюнча кеңири автономияга жана укуктарга ээ.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз