Кыргызстан жаңылыктары

Ташкентте пенсионерлер пенсия алуу үчүн узун кезекке турушууда image

21 Май, 2020 753

Ташкентте карантин маалында үйдөн чыгууга тыюу салынган пенсионерлер пенсия алуу үчүн “Халк банк” филиалдарынын алдында узун кезекке турушууда.

Өзбекстан борборунун Алмазар районундагы банк имаратынын алдында кезекке турган пенсионерлерди калаа тургуну видеого тартып алган:

– Кезекке тургандардын эң эле жашы – элүүдө, бирок көбү – 60-65 жаштагы кишилер. Карантин маалында алар пенсия алуу үчүн кезекке турууга мажбур. Коронавирус карыган кишилер үчүн кооптуу экени көп айтылууда. Андай болсо пенсионерлер эмне себептен банк алдында кезекте турушат?

“Халк банктын” өкүлү бийлик 13-майдан тартып пенсия жана жөлөк пулдарды толугу менен пластик карталарга которуу тажырыйбасынан баш тарткандан кийин абал оорлошуп кеткенин айтты.

Өзбек бийлиги 14-апрелде бардык соцтөлөмдөрдү банк караталарына которуу чечимин кабыл алган. 1-майдан тартып ташкенттик пенсионерлерге Humo караталары таратыла баштаган.

Бирок бир жумадан кийин эле төлөм системасынын иши үзгүлтүккө учураган. Мындан тышкары пенсионерлер банкоматтардан акча чыгара албай, кыйынчылыктарга туш болушкан.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз