Саясат

Кыргызстан-Канада: коронавирустун кесепеттерин жоюу боюнча маселе талкууланды image Фото: KTRK/videograp

26 Май, 2020 772

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Канаданын Тышкы иштер министри Франсуа-Филипп Шампань менен телефон аркылуу сүйлөштү. Маектин жүрүшүндө тараптар COVID-19 пандемиясынын терс кесепеттерин жеңүү боюнча кызматташуу маселелери, эл аралык финансы институттарынын алдындагы Кыргызстандын карыздык оорчулугун жеңилдетүү маселеси талкууланды. Министр бул багытта көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн канадалык кесиптешине ыраазычылык билдирди. 

Тажрыйба алмашуу үчүн, COVID-19 менен ооругандарды дарылоого түздөн-түз тартылган эки өлкөнүн медициналык эксперттеринин ортосунда жумушчу байланыштарды орнотуу жөнүндө макулдашууга жетишилди. Эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү планында, өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды диверсификациялоо, айлана-чөйрөнү коргоодо тажрыйба алмашуу, гуманитардык байланыштарды колдоого алуу жолдору каралды. Алдыда боло турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графиги талкууланды. Министрлер эки өлкөнүн эл аралык демилгелерин дагы карап чыгышты.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз