Коррупция

К.Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат image

26 Май, 2020 1479

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан катталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Жумалиевдин мүлкү боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.

Аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аныкталган, анда К. Жумалиевдин уставдык капиталда үлүшү бар жана ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналат экен. Ошондой эле, К. Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүш уланып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз