Кылмыш

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралды image Фото: KTRK/videograp

27 Май, 2020 523

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралууда. 26-майдагы отурумда ошол кезде №24 колонияда дарыгер болуп иштеген М.Кайкиев көрсөтмө берип, андан тышкары дагы эки күбө суралды. 

Түштөгү тыныгуудан соң, айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 28-майга жылдырылды. Чуулгандуу иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө каралууда. Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталып жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз