Экономика

Россия мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин өзгөртпөөнү сунушташы мүмкүн image

28 Май, 2020 503

Июнда өтө турган ОПЕК+ жыйынында Россия азыркы мунай өндүрүү көлөмүн сентябрга чейин калтырууну сунушташы мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсант» гезити мунай тармагындагы өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Апрелдеги макулдашууга ылайык, майдан июлга чейин ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүшүн суткасына дээрлик 9,7 миллион баррелге кыскартышы керек. Андан соң 2020-жылдын аягына чейин өндүрүш көлөмүн суткасына 8 миллион баррель, 2021-жылдын май айына чейин 6 миллион баррель деңгээлинде кармап туруу сунушталган.

Макулдашуу шарттарына ылайык, Москва мунай өндүрүшүн май-июнь айларында суткасына 8,5 миллион баррелге кыскартат. Басылманын маалыматына караганда, ушу тапта Россиянын Энергетика министрлиги бул квотаны дагы эки ай күчүндө калтыруу маселесин талкуулап жатат.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз