Экономика

КРда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт image

2 Июнь, 2016 1343

6-7-июнда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммити өтөт. Жыйындын күн тартибинде 22 маселе каралат. Мындан тышкары премьер-министрлер маанилүү делген 7 документке кол коюшат. 

Эске салсак, 6-8-июнда Бишкекте өтө турган саммитке катышу үчүн көз  карандысыз шериктеш мамлекеттерден делегаттар келишет. Ошондой эле Кыргызстанга расмий сапар менен Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов жана Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев келет. Бул күндөрү, Бишкектин  айрым  негизги көчөлөрү жабылат.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз