Policy

Кумтөр чыры уланууда image

2 Июнь, 2016 1049

Өкмөт менен “Центерра голд” мунаса табыша элек. Аткаруу бийлиги канадалык компаниянын жөнөткөн катына жооп кайтарып, экология маселеси баарынан маанилүү экенин эскертти. Буга чейин Бишкектин райондор аралык соту Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын баардык доолорун канааттандырып, “Кумтөр оперейтинг компани” 7 миллиард сом төлөп берүүгө милдеттендирилген. Ошондой эле Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин арызы да каралууда. Канадалык компания эл аралык сотко кайрылууну көздөп жатат.

Эл аралык сотто Кыргызстан “Кумтөрдө” мыйзам бузуулар болгонун далилдеш үчүн юридикалык компанияларды жалдайбы же мурдагы иликтөөлөрдүн корутундусун пайдаланабы азырынча белгисиз. Буга чейин каржылык мыйзам бузууларды аныктоо максатында “PricewaterhouseCoopers", ал эми экологиялык маселелерди иликтөө үчүн “Амег” компаниялары менен кызматташып, “Центеррага” каршы корутундуларын алган.

Калыгул Асамбаев "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз