Culture

Раззаковду эскерүү иш чарасы өттү image

2 Июнь, 2016 784

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун сөөгү 2000-жылдын 2-июнунда Москвадан Бишкекке алынып келип “Ала-арча” көрүстөнүнө коюлган. Ошол күңдөн бери ар жылы бул күнү улуу инсандын кабыр-эстелигинде  эскерүү иш чарасы өтөт. Ишмер инсан Исхак Раззаков 1979-жылы 69 жаш курагында Москва шаарында кайтыш болгон. Маркумдун сөөгү андагы Кунцева көрүстөнүнө коюлган. Ошондон бери асыл адамыбыздын табытын жергебизге алып келүү боюнча сунуштар айтылып, демилге көтөрүлүп келген. Ошентип, 2000-жылдын 2-июнунда улуу инсандын сөөгү жергебизге алып келинген.

Эскерүү иш чарасынан кийин республикалык Исхак Раззаков фондунун мүчөлөрүнүн катышуусунда жыйын болуп өтүп, анын жүрүшүндө фонддун төрагасын шайлоо маселеси каралды. Катышуучулардын көпчүлүгү жаңы төрага Замирбек Осмоновдун талапкерлигин колдошту. Жаңы шайланган төрага алдыда турган жооптуу милдет, максаттар тууралу ой бөлүштү.   

К. Калилов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз