Маданият

Манасты жайылтууга арналган салтанат өтөт image

2 Июнь, 2016 814

4-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, кыргыз  рухунун туу чокусу болгон– Манасты жайылтууга арналган, «Улуулукка мамиле» аттуу салтанат  өтөт.  Иш-чаранын  жүрүшүндө: жаңы эле басмадан чыккан  “Саякбай” энциклопедия   китебинин бет ачары   жана  аны түзүүгө катышкан  адабиятчы окумуштууларга сыйлык  тапшырылып,  төрт манасчы  батирге ээ болуу серитификатын алат. Бул  тууралуу иш чараны уюштуруучулар маалымат жыйынында  билдирди.

Тарых жана маданият жылына арналган, “Манасты” даңазалоо  салтанатын,  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана  “Саякбай манасчы”  эл аралык фонду биргелешип уюштурууда. “Манас” эпосун  дүйнөгө даңазалоо максатында  Кыргыз улуттук илимдер академиясынын  Чыңгыз Айтматов атындагы  тил жана адабият институттун кызматкерлери түзгөн “Саякбай “ энциклопедиясын  чыгарууну толук  каржылап, тасма тартылуудабыз-деди фонддун президенти Саматбек Ибраев.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз