Culture

“Князь Игорь” операсы даярдалууда image

6 Июнь, 2016 439

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында “Князь Игорь” операсы даярдалууда.  Анын бет ачары 12-июнда өтөрү белгиленген.

Сахнага даярдалып жаткан чыгармадагы башкы кейипкердин ролун өнөр ээси Кайымбек Кускаков жаратууда. Адегенде ролду аткаруу сунушталганда жооптуу сыноону алууну туура эмес көргөн. Бирок, жогорку ишенимди аткарып көрүүнү ылайык көргөнун ырастады. Бородиндин “Князь Игорь” операсын даярдап жаткан репетициясына катыштык.

Даярдалып жаткан “Князь Игорь” операсынын бет ачары аземи 12-27-июнда өтөт. Ушул айдын акырында чыгармачыл жамаат быйылкы сезон башталоганча эмгек өргүүсүнө чыккан күндөн тартып театрдын капиталдык ремонт иши башталат. Ал үчүн тиешелүү каражатты мамлекет башчы болүп бергенин адистер белгилешет.

К. Калилов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз