Кылмыш

Тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» ДЭУ мүчөлөрү кармалды image Фото: ГКНБ КР

1 Июль, 2020 1316

27-июнда УКМК тарабынан диний-экстремисттик уюмдун жашыруун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.  

Жашаган жерлерин тинтүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китеп, «Хизбут-Тахрир» ДЭУ камтыган материалдарды пропагандалоого, электрондук маалымат алып жүрүүчү (планшет, ноутбуктар, телефон сим-карталар) жана жазуусу бар күндөлүктөр табылып алынды. 

Ал материалдар атайын экспертизага жөнөтүлдү. 

Аталган факт сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 314-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмду түзүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Нарын шаардык №24 убактылуу кармоочу жайына ячейканын уюштуруучулары кармалды.

Тергөө жүрүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз