Кыргызстан жаңылыктары

Каржылык жардамдар кайда жумшалууда? - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

3 Июль, 2020 375

Эпидемиологиялык абал калк саламаттыгы менен бирге экономикага да олуттуу зыян алып келди. Мындан улам Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарына кайрылган. Донордук жардамдарды алуу үч багытта жүзөгө ашырылууда. Бюджетти колдоо, вирустун жайылышынын алдын алуу жана экономиканы калыбына келтирүү.

Бюджетти колдоо үчүн алынган каражаттардын калган 50 миллион доллары Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкынан которулган.

Бюджетти колдоо үчүн дагы алына турган 116 миллион доллардан ашык каражаттын 100 миллиону Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун насыясы болуп саналат. Ал эми 16 миллион 200 миң долларды Европа Биримдиги карызга эмес, кайтарымсыз каражат катары берет.

Эл аралык донорлордон алына турган жардамдардын үчүнчү багыты экономиканы турукташтыруу болуп саналат. Бул үчүн жеке тараптарды каржылоого 180 миллион доллардан ашуун каражат алынаары күтүлүп жатат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз