Кыргызстан жаңылыктары

Бүгүн, саат 19:00дө дарыгерлердин урматына флешмоб өтөт image

5 Июль, 2020 1307

Бүгүн, 5-июлда саат 19:00дө медиктердин урматына флешмоб өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. 

Флешмобко катышууну каалагандар, кечки саат 19:00дө көчөгө чыгып кол чабышат, ал эми автоунаадагылар сигнал беришип, дарыгерлерге ыраазычылыгын билдиришет.

Флешмобтун максаты, пандемияга каршы күрөшүп жатышкан дарыгерлерге дем күч берүү болуп саналат.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз