Дүйнө жаңылыктары

Өзбекстан мигранттарды чек аралар ачылгандыгы тууралуу маалыматтарга ишенбөөгө чакырды image

6 Июль, 2020 506

Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги чек аралар ачылганын айтып, жарандарды орус-казак чек арасына ташып жаткан адамдарга ишенбөөгө чакырды.

— Мындай маалыматтарга ишенбеңиздер, бул жалган. Орусияда, Өзбекстанда жана Казакстанда карантиндик чектөөлөр дале күчүндө, бул өлкөлөрдүн чек аралары жабык. Ушу күндөрү жалган маалыматтарга ишенип алып, орус-казак чек арасына топтолгон жарандар көп болууда, — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Элчилик ошондой эле адамдардын көп топтолуусу коронавирус жуктуруп алуу тобокелдигин жогорула турганын эскертти.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз