Дүйнө жаңылыктары

БУУ: Россиянын Сириядагы аба соккуларын аскердик кылмыш деп эсептесе болот image

8 Июль, 2020 492

Сирия менен Россиянын Идлиб провинциясындагы мектептерге, ооруканаларга жана базарларга жасаган аба соккуларын аскердик кылмыш катары баалоого болот. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Сириядагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн көз карандысыз комиссиясынын баяндамасында жазылган.

«Марттагы элдешүү жараянына чейинки өкмөттүк күчтөрдүн ылгабастан жасаган аба соккуларынан жүздөгөн адам мерт болуп, миллионго жакын тургун үй-жайын таштап качууга аргасыз болгон. Бул адамзатка каршы жасалган кылмышка тете», — деп жазылган баяндамада.

Комиссиянын башчысы Пауло Пиньейрунун айтымында, БУУ террордук деп тапкан өкмөтчүл күчтөр Сирияда согуш мыйзамдарын жана жарандардын укуктарын одоно бузушкан.

Баяндамада Сириянын түндүк-батышындагы 52 чабуул жөнүндө жазылып, алардын 47син өкмөттүк күчтөр Россиянын колдоосу менен жасаганы белгиленген.

Мындан тышкары 5-мартта Маарет-Мисрин шаарына жакын жердеги качкындар жайгашкан канатуулар фабрикасына, 29-январда жикчилдердин көзөмөлүндөгү Ариха шаарындагы оорукананын жанына бир нече сокку жасалганы жазылып, булар үчүн жоопкерчилик Россиянын аскердик авиациясына жүктөлгөн.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз