Илим жана билим

Колледждерге документтерди кантип онлайн тапшырса болот? (Түшүндүрмө) image Фото: www

9 Июль, 2020 1251

Билим берүү жана илим министрлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкы жылы кесиптик орто окуу жайларына да абитуриенттерди кабыл алуу онлайн түрүндө жүрө тургандыгын маалымдайт.

Абитуриент  үчүн:

 

  • Документтерди электрондук форматта тапшыруу үчүн абитуриент http://www.spuz.edu.gov.kg/ сайтына кириши керек;
  • Тизмеден кесиптик орто окуу жайды (колледжди) тандоо керек;
  • Адистик тандап, “Өтүнмө берүү” баскычын басуу зарыл;
  • Андан кийин өтүнмөнүн бардык керектүү талаачаларын толтуруп, сканерден өткөрүлгөн документтерди: жалпы орто билими жөнүндө аттестатты же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктү, сүрөттү жүктөө керек жана “Катталуу” баскычын басуу зарыл;
  • Ийгиликтүү катталгандан кийин колледждин адистиктеринин тизмесине кайрылып келүү керек жана “Берилген өтүнмөлөр” баскычын басуу зарыл. Бул жерден сиз өзүңүздүн орточо баллыңыздын жыйынтыгын көрө аласыз;
  • Орточо баллга мониторинг жүргүзүү үчүн абитуриент өзүнүн аттестатынын (күбөлүгүнүн) номерин билиши керек;
  • Абитуриент кабыл алууга сунушталгандардын тизмесинде бар же жоктугун колледждин сайтынан өзүн текшерет;
  • Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу кызматкеринен кабыл алууга сунуштоо жөнүндө тастыктама алуу.

Кесиптик  орто окуу жайлар:

  •   Абитуриентти каттагандан кийин кабыл алуу комиссиясынын администратору жалпы орто билими жөнүндө аттестаттын же жалпы негизги билими жөнүндө күбөлүктүн бааларын киргизет.
  •   Бюджеттик жана контракттык да окуу формасына абитуриенттерди кабыл алуу үчүн негиз катары орто билими жөнүндө аттестаттын (11-класс) же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн (9-класс) орточо баллы жана конкреттүү адистик үчүн эки профилдик предмет же онлайн тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо балл алынат.
  •   Билими жөнүндө документтин (11-класстан кийин аттестат жана 9-класстан кийин күбөлүк) орточо баллын эсептөө үчүн билими жөнүндө документтин арифметикалык орточо маанисин чыгаруу зарыл.
  •   Ал үчүн негиз катары билими жөнүндө документтин тиркемесиндеги баалар алынат, алар бири-бирине кошулат жана алынган сумма бардык предметтердин жалпы санына бөлүнөт.
  •   Профилдик предметтер боюнча орточо баа жогоруда көрсөтүлгөндөй эле эки профилдик предметтин орточо арифметикалык суммасы катары чыгарылат.
  •   Кесиптик орто билим берүүнүн ар бир адистиги боюнча профилдик предметтердин тизмеси колледж тарабынан өз алдынча аныкталат.

Билим берүү жана илим министрлигинин  басма сөз кызматы

 

 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз