Укук коргоо

Камакка алынган ЖКнын депутаттарына маяна төлөнбөшү керек image

8 Июнь, 2016 1635

Кылмыш жообуна тартылган жана камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттарына айлык акы төлөнбөшү керек. Бул тууралуу кечээ, парламент жыйынында айтылды. Анда демилгечи депутат Аида Салянова депутаттын макамына байланышкан мыйзамга өзгөртүүлөрдү кийирүү сунушун берди. Эл өкүлү буга чейин жоопко тартылып, бирок ошол эле учурда олчойгон айлык алган депуттарды санап өттү. Ал эми эксперттер маянасын гана кыркпастан, кылмыш жообуна тартылып жаткан депутаттарды, сот өкүмү чыкканга чейин убактылуу иштен четтетип туруу керек экендигин айтышууда.

Бир катар талкуулардан соң, комитет камакта олтурган жана үй камаганы чыккан депутаттардын маянасын кыскартуу боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун колдоп берди. Ал эми талдоочулар Жогорку Кеңештин жыйынына себепсиз катышпаган депутаттардын айлык акысын кыскартуу сунушун айтып келет. Эске салсак, жакында эле парламенттин жыйынына 10 гана депутат катышып олтурганы коомчулукта чоң талкууну жараткан.

С. Идирисов, "Биринчи радио"

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз