Коом

“Эгемендик” гүл багына 10 гектар жер бөлүндү image

9 Июнь, 2016 733

Үркүндүн 100 жылдыгына карата, Бишкектин түштүк дарбазасында, “Эгемендик” гүл багына 10 гектар  жер бөлүндү. Кыргыз Республикасынын президентинин атайын тапшырмасы  боюнча, кийинки кадам үркүн курмандыктарына  эстелик орнотуу боюнча конкурс өткөрүү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. 

Ал ортодо жарандык коомдун өкүлдөрү “Аки-пресс” маалымат агеттигинде: тарыхка баа берүү жана Бишкектин түштүк дарбазасында улуттук көтөрүлүш курмандыктарына   эстелик куруу маселеси  кечигип жатканын айтып чыккан эле.

Быйылкы тарых жана маданият жылында, Кыргызстандын тарыхын тактоо, ыйыктарын кийинки урпактар үчүн түбөлүккө сактап калуу жаатында аткарылган иштин ыргагына журтчулук кулак түрүп турганы, жоопкерчиликти  кыйла  арттырат дешет адистер.

Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио” 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз