ММК

Басма сөз: Диний радикализмге жол жок image

9 Июнь, 2016 1517

“Диний радикализмге жол жок” деген теманын алдында бүгүн жарык көрчү Политклиниканы карайлы. ЖКтин депутаты Тазабек Икрамовдун жума намазга баруу үчүн түш маалында бир саат убакыт бөлүү боюнча Эмгек Кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору комитеттин колдоосунан өтпөй калышына мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов, каршы болгондордун жаназасына турбайм жана башкаларды чакырып кетем деген чакырыгы коомчулукта кызуу талууга түшкөнүн жазып чыкты. Аталган макалада Чубак ажы Жалиловдун айткнадарына жооп кылган депутат Жанар Акаев менин жашоодо өз принциптерим бар уурдабайм, тонобойм, түз жүрөм жана элиме ак кызмат кылам, теменени төө көрсөтүп, динге каршы, исламга каршы көрсөтөйүн деген оюңардан майнап чыкпайт. Элге жаман көрүнбөйүн деп, билип туруп башкача добуш берип, же башкача сүйлөгөн депутаттардын жолу башка, меники башка. Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек. Радикализмге жол жок деген пикирин толугу менен тааныштырып, ага айрым жарандардын калыс пикирин кошуп жарыялаган. Мисалы жарандык активист Динара Ошурахунова мамлекеттик кызмттагы эмгек тартиби жакпаса, башка уюмдарга барып иштеши керек деген пикирин, экс депутат Равшан Жээнбеков: Чубак ажы менен депутат Акаевдин ортосундагы талаш экөөнүн гана ортосундагы талаш эмес. Бул цивилизациянын, идеологиялардын талашы, өткөн миңдеген жылдардын жана келечектин талашы деген ойду, профессор, мурдагы дин иштери боюнча комиссиянын төрагасы болуп иштеп кеткен Жолборс Жоробеков Чубак ажыны өтө урматтайм, бирок акрыкы пикирин колдобойм деп, биздин мамлекеттегидей эркиндик кайсы өлкөдө бар? Алсак таблиги жамаат деген биздегидей уюм башка эч бир мамлекетте жок экенин, кээде сопусунган депутаттар арабдардын акчасын пайдаланып жатабы деген ой келет деген пикирин ачыктады. Интернет булактарында кызуу талкууланып жаткан учурда Кыргызстандын муфтияты ак же көк деп оозун ачпаганын муфтиятын басма сөз кызматынын шаардык телефонун кечээ кечке эч ким көтөрбөгөнүн, ушул жерде муфтият жетекчилиги, өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматы да өз баасын берет деген ойдобуз деп белгиледи макаланын соңунда  Политклиника гезитинин редакциясы.

Президентке кат рубрикасы адаттагыдай эле өлкө башчысына жолдонгон кийинки катты жарыялады. Ал кайрылуу Ат-Башы районунун Ат башы айылынын тургуну Улан Кадыркуловдон жазылып, Мыйзамсыз чечим чыгарган сотторду ким тыят деген аталышта орун алган. Мазмунунда Бир жыл беш айдын бери Нарын областтык соттун судьялары Сарымсаков менен Амиракунованын  туура эмес чечимдеринен улам убарага түшүп, материалдык да моралдык  жактан да  жапа чегип келгени айтылат. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Чоробеков кат ээси Кадыркуловду иштен кетириши анда райондук сот арызын карап кайра ишке алынсын деген чечимине каршы Нарын областык соттун тескери чыгарган чечимине  адилеттик издеп чындыгы эч кимге жетпей жатканын кызмат ордума отурушу үчүн эмес, абийирим үчүн, соттордо калыстык  болбой жаткандыгы үчүн күйүп,алыскы Ат-Башыдан Бишкекке барып келип жатам деген катын Политклиника аркылуу билдирет.

Мындан тышкары бүгүнкү Политклиника топтошуп бөлүнө бербей, диалогго кадам шилтөө өзүбүздүн колубузда деген депутат Мыктыбек Абыдлдаевдин айткандарына, боекчу боекчу десе, атасынын сакалын кошо боептур же бей өкмөт уюмдарынын ашепке кетиши деген аталыштагы Кылым шамы жана Бир дүйнө Кыргызстан атуу уюмдардын жетекчилери Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова тууралуу жазылган макалага, Центерра Голд компаниясы экологиялык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү  деген көлөмдүү макалага, жана сырткы карыздардын чегин алып салсак, карызга батпайбызбы деген тышкы карыз туурасында оюн ортого салган депутат Акылбек Жапаровдун айткандарына да орун берди. Ошондой эле Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүшү керек деген аталышта АКШга иш сапар менен барып келишкен депутттардын же Жанар Акаевдин да маеги  бүгүнкү санда. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун үй музейин аралап таасирлерин кагаз бетине түшүргөн Айгүл Бакееванын жазуучунун 10 –июнда дүйнөдөн кайтышын эске салган макаласы да бар, көз жүгүртүп койсоңуз.

Азия Ньюс бүгүнкү санын депутат Кожобек Рыспаевдин сөзү менен аталган Келгиле чечип алалы, парламентте же молдо же депутаттар иштесин деген аталышта ачты. Бул теманы селдесине чок түштү деп Чубак ажыны экстремизмди жайылткыч катары камап, же Чымкоргонго  жеткириши керек деген аталыштагы жана Жанар Акаевди эл душманы көрсөткүсү келген Чубак ажы өзүн пайгамбарга теңейби деген макалалар  улайт.  Азия Ньюстун башка башкы макаласы болуп Кумтөр туурасында жазылган Оюнбу же Чоюнбу деген аталышта орун алган. Убагында эң чоң кылмыштуу келишмдерге кол кол койгон Аскар Акаев жана Бакиевди эске салып, экологиябызга келтирилген зыяндар туурасында орошон ойлорун ортого салган автордун  Фридрих Энгельстин Адамзат табиятты жеңет. Бирок качандыр бир кезде  ал үчүн табият адамзаттан аеосуз өчүн алат деп айтканы бар деп жыйынтыктаган макаласын окуй аласыздар. Бүгүнкү сандан мындан тышкары Россиянын премьер министри Медведевдин Кыргызстандын кооз жаратылышын тартып алып пиар кылганын, Медведевдин блогундагы жагымдуу сүрөттөн кийин Кыргызстандын туристтик тармагы сөзсүз пайда табат деп жазып чыккандарын  белгилеген Независимая газетасындагы Григорий Михайловдун  которулган макаласын,  Талгарбеков камалгандан кийин Элдик парламенттен чыгып кеткем деген экс-губернатор Мамасадык Бакировдун айткандарын жазып чыкты.  Бул санга да окумуштуу, адабий сынчы Аскар Медетовдун жарымы жалган, жарымы чын агындылар деген эки беттен турган макаласынын уландысына  кайрадан орун берилди.

Азия бүркүмүндөгү Тажикстанда эки саясатчы өмүр бою эркинен ажыратылганы туруасында маалыматты, Монголияда адамдын жүлүнүн алмаштыруу боюнча операциялар жасала баштаганы туурасында,  Кытайда АКШнын аскердик аба күчтөрүнүн чалгындоочу учагына Кытайдын Ж-10 истребители тарабынан коркунуч жаралганын туурасында жана Казакстандын Тараз шаарында шылуундар орус ырчысы Стас Михайловдун концертин уюштуруп, ырчынын өзүн чакырганды унутуп калган кызыктуу окуя болгону жөнүндөгү маалыматтарды окуй аласыздар.

Сарыэсептен: Кытай эмес, кыргыз инвестор иштемек деген аталыштагы Кытайдын өндүрүш кубаттуулуктарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү мүкүнчүлүгү туурасында  жазылган аналитикалык материалды, Чатакташкан эки мусулман деген күндүн темасындагы макаланы, кой терисин жамынган карышкырлар деген аталышта же динге жамынган адамдар туурасындагы жазылганды жана Казакстандагы абал же өлкө байлыгынын көбү бийликтеги бир ууч адамдын колунда болсо, ыңкылап убакыттын гана маселеси деп жазылган Казак ханынын булуту деген аталыштагы макаланы окуй аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз