КМШ аймагынан Сирияга кеткендердин саны арбыды image

9 Июнь, 2016 1251

8-июнда Ереванда ЖККУнун коопсуздук катчыларынын жолугушуусу болуп, анда терроризмге каршы күрөш боюнча биргелешкен күч-аракеттер жолугушуунун башкы темасы болду. Ошондой эле жыйын  катышуучулары 2025-жылга чейин уюмдун  стратегиясы тууралуу маселени талкууга алышкан. Белгилей кетсек, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн он миңдей жараны Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарында согушта жүрөт.

Кыргызстандын Сирияда жүргөн жарандарынын расмий эсеби 300-400дүн эсебинде, ал эми Тажикстандан кеткен жарандардын саны миңден ашат. Орусиянын да жүздөгөн жарандары “Ислам мамлекетинин” катарын толуктап келет. Андыктан терроризмге каршы биргелешип күрөш учурда өзгөчө орунга чыгууда. Ереванда дагы ЖККУнун коопсуздук катчыларынын кезектеги жолугушуусунда бул маселе көңүл чордонунда болуп, уюмдун 2025-жылга чейинки мезгил ичиндеги стратегиясы талкууга алынды. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бардюжа террордук топтордун иш-аракеттери татаалдашып жатканын айтат.

Эске салсак, Жамааттык коопсуздук келишим уюму 1992-жылдын май айында түзүлгөн. Уюмга Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө. Коңшу Өзбекстан экинчи жолу 2012-жылы уюмдан чыгып кеткен.

М. Абдраманова, “Биринчи  радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз