Аймак

Баткенде оорукана курула баштады - Кыргызстан жаңылыктары image Фото: KTRK/videograp

5 Авг, 2020 686

Баткен облусунда 90 орундуу оорукананын курулушу башталды. Ал үчүн Баткен шаарында жайгашкан мурдагы облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Имарат жугуштуу оорулар ооруканасына ыңгайлашат. Оорукананын курулуш иштери үчүн мамлекет тарабынан 12 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. «Учурда иш башталып, бир айлык мөөнөттө курулушту бүткөрүү аракети көрүлүп жатат«, — деп билдирди Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз