Кыргызстан жаңылыктары

К.Боронов Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды image

6 Авг, 2020 446

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана уюмдарында медициналык жабдуулардын, керектелүүчү материалдардын, дары-дармектердин жана жеке коргонуучу каражаттардын бар экени жана муктаждыктар тууралуу жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалыматтар айтылды. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов рентген-аппараттарын сатып алуу маселеси жетиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганы үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигинин ишин сынга алды. 

Өкмөт башчы жогоруда айтылган маселени ыкчам тартипте чечип, сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. 

Тармактык мамлекеттик органдарга, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде баштапкы медициналык-санитардык жардам чөйрөсүндө адистердин дараметин көтөрүү,  медициналык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоону катуу көзөмөлдөө, ошондой эле үймө-үй кыдыруу иш чарасын күчөтүү тапшырмалары бар.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз