Коом

Паспорт маселеси талаш жаратты image

15 Июнь, 2016 1029

Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортто жарандардын улутун чипте гана көрсөтүп,  бетине кыргызстандык деп гана жазууну сунуштап жатат. Бул система жарандардын каалосуна жараша бүгүнкү күнү деле иштеп жатат деп билдирди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоев. Коомчулукта болсо бул сунуш талкууга алынып, дүйнөлүк тажрыйбага эбак өтүү керек эле деп кубатташса, айрымдар ултун көрсөтүүнү туура деп эсептеп, тандоо болсо деген пикирде. 

Паспорттон улуту туурасындагы маалыматты алып салуу демилгеси 2011-жылы президенттик аппараттын этникалык саясат бөлүмү ошондой эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да тарабынан көтөрүлгөн.Бирок ал учурда коомчулук арасында каршы пикирлер арбын болуп, катуу сын пикирлер айтылган. Бул жолу да сунуш социалык түйүндөрдө кызуу талкууга алынууда.

Н. Молдокулова, "Биринчи радио"

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз