Society

Жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматын бириктирүү маселеси коомдук талкууга коюлду image

14 Янв, 2016 549

Жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматын бириктирүү маселеси коомдук талкууга коюлду. Ички иштер министрлиги буга чейин Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облустарында колдонулган тажрыйба натыйжалуу болгонун белгилейт. Долбоор жүзөгө ашса эки мекеменин кызматкерлери кайгуул милициясы катары бирдикте иш алып бара баштайт.

Жол кайгуул менен Кайгуул күзөт кызматтарын бириктирүү демилгеси Ички иштер министрлигине таандык. Бул тажрыйбаны өлкөгө жайылтаардан мурда пилоттук долбоор катары Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облустарында атайын топтор дал ушундай ыкма менен иштеп көрүштү. Маалым болгондой октябрь айында абактан качкандардын алгачкы бешөөнү дал ушул кайгуул милициясы колго түшүргөн. Тажрыйба өз жемишин бергенин айтат Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин орун басары Ыманалы Саркулов.

Бул аракет натыйжасын берет деген ишеним менен эле эки мекемени бириктирип салуудан мурда өкмөт башка тараптардын да пикирин угууну эп көрдү. Жаңы башталган коомдук талкуу бир айга созулат. Андан соң тиешелүү мекемелердин колдоосуна ээ болушу зарыл. Кайгуул милициясын түптөөдө каражат маселеси да бар. Ал материалдык-техникалык жабдууларды чыңдоого байланыштуу экенин айтат Ички иштер министрлигинин маалымат-катчысы Бакыт Сеитов. Коопсуздукту камсыздаган жаңы мекеме коомдук тартипти кезектешип күнү-түнү сактоого алат. Ошондой эле атайын каражаттар аркылуу кызматкерлердин өздөрүнүн да жүрүм-турумдары  көзөмөлдөнөөрү күтүлүүдө.

МАИчилер менен кайгуул күзөт кызматкерлерин бириктирүү элдин кайрылууларынан улам жасалууда. Өкмөт бул кадамдарды паракорлукка каршы аракет катары да түшүндүрөт. Премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул кызматындагы алешемдиктерди жоюнун башка жолдору да караштырылып, дал ушул багыт натыйжалуу деп табылганын “Биринчи радиого” билдирген эле.

Ички иштер министрлиги Кыргызстан жаңыдан ишке ашыра турган жогорудагы тажрыйба башка бир катар мамлекеттерде колдонулуп келгенин билдирет. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн Грузия өзгөчө натыйжа көрсөтө алган.

Калыгул Асамбаев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз