Коом

Орусиянын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күн жүрө алышат image

14 Янв, 2016 410

Орусиянын жарандары   Кыргызстанда   каттоосуз   30  күн гана жүрө алышат. Ошондой эле эреже  кыргызстандыктарга  Орусияда  иштейт. Бул тууралуу  мамлекеттик  миграция  кызматынан билдиришти.    Мындай  өзгөрүүлөр   өткөн жылдын 19-юнунда эки өлкө ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында жетишилген.  Буга чейин  орусиялыктардын  республикада   жүрүү мөөнөтү 90 күндү түзүп келген  болчу.     

Кыргызстандын  май айында  Евразиялык  экономикалык  биримдикке  кириши  менен  Орусиядагы  кыргыз  мигранттарына  карата бир катар  жеңилдиктер  каралганы маалым. Алар  ишке орношуудагы  патент системасы, каттоо  мөөнөтүнүн   узартылышы,  орус тили  боюнча экзамен  тапшыруу, медициналык  кызмат көрсөтүү  боюнча  жеңилдиктер эле.  Келишимдин  алкагында  иштей  турган айрым  шарттар    бүгүнкү  күндө   аткарыла баштады. Бирок кээ бирлеринде   олуттуу  өзгөрүүлөр   байкалган жок,-дейт  Москвадагы  “Мекенчил жаш”  гезитинин  кызматкери  Залкар  Жумадилов.

Белгилей  кетсек, өткөн жылдын май айына чейин  кыргызстандыктар  Орусиянын  аймагында 7 күн  каттоосуз  жүрө  алышкан. Бүгүнкү  күндө  анын мөөнөтү  30 күнгө  узартылды.  Ошол эле маалда  мындай эрежелер  Кыргызстандагы  орусиялыктарга дагы мүнөздүү.  

Бирок  2015-жыл  Кыргызстандын  миграция  тармагында бир катар  алгылыктуу  жылдардан болду. Айрыкча  Орусия  өткөн жылдын башында  миграция  мыйзамын  татаалдантышы  бир эле кыргызстандыктар  эмес, Орусиядагы бардык чет  өлкөлүк  жарандардын жашоо-турмушун кыйындатышы, кара тизмеге түшкөндөрдүн катары  улам  калыңдаткан.  Мисалга  түрдүү   жагдайда  кара тизмеге тушуп калган  кыргызстандыктардын   саны  эле   250 миңге жеткен болсо, ЕАЭБдин  алкагында   азыркы  тапта   тизмеден  80  миң  жаран чыгарылды.

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү  Алмазбек  Асанбаев, Орусияда 2013-2014-жылдары  580 миңге  чукул  кыргызстандык  бар болчу. Акыркы  күндөрү  түрдүү жагдайдан улам  алардын саны  60 миңге  кыскарды, 2015-жылдары  кайрадан 15 миңге  жогорулап,  тактап айтканда бүгүнкү  күндө  Орусияда , 520  миңдей  кыргызстандык  иштеп  келерин  кошумчалады.

 Г.Каражанова

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз