Коргонуу жана коопсуздук

Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда image

14 Янв, 2016 1486

Акыркы 5-жыл аралыгында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, тармакты реформалоо ишинде жылыштар болууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин үй менен камсыз кылуунун алкагында 4 жылдын аралыгында Республика боюнча 19 көп кабаттуу турак-жай салынып, пайдаланууга берилген. Ал эми учурда салынып жаткан турак-жайлардын саны 18ге жетет. Ал эми талдоочулар аскердик реформа алдыга жылганы менен чек-ара, армиядагы тартип маселери күч түзүмдөрүнө көө жаап жатканын айтат.

2013-2017-жылдарга негизделген өлкөнү туруктуу өнүктүрүү программасынын негизинде, Куралдуу күчтөргө реформа жасоо тапшырмасы Президент Алмазбек Атамбаев тарабынан коюлган. Анда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу маселеси каралган. Мамлекет башчысы өз сөзүндө эгемендүүлүк жылдары мамлекет аскер кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, аскердик реформага жетиштүү көңүл бурбай келгенин айтып, акыркы жылдары абал түп тамырынан бери өзгөрүп жатканын белгилейт. “Мекенди коргоо деген ыйык милдет, кесип бар! Бул кесип өлкөбөзгө керек. Мамлекет бул кесиптин кадырын көтөрүүгө милдеттүү дейт өлкө башчы өз сөзүндө.

Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин үй менен камсыз кылуунун алкагында 4 жылдын ичинде Республика боюнча 19 көп кабаттуу турак-жай салынып, пайдаланууга берилген. Ал эми учурда салынып жана пландалып жаткан турак жайлардын саны 18 ге жетет.

-Ички  Иштер министрлигине 4 үй берилген 4 үй курулуп жатат. Өзгөчө  кырдаалдар министрлигине 4 үй берилсе  3 үй  курулуп жатат Башкы  Штабка жана Коргоо жана коопсуздук иштери боюнча комитетине 7 үй берилген 5 үй курулуп  жатат. Улуттук  Коопсуздук боюнча комитетине 1 үй берилген 2 үй курулуп жатат. Мамлекеттик  Чек ара кызматына 3 үй берилген 4  үй курулуп  жатат. 

Батирлерге кимдер ээ боло алат? Башкы Штабдын маалымат менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы Азамат Дүйшөнбековдун айтымында, аскердик чини жогору генерал же офицерлер эле үйгө ээ болбостон, кызматтык тажрыйбасына жана муктаждыгына жараша комиссиянын чечими менен баардык аскер кызматкерлерине берилет. 

Талдоочулардын пикиринде, аскерде реформа болуп жатканы менен кыргыз-өзбек чек-арасында болуп жаткан чатакташуулар, же куралдуу күчтөрүндө ички тартиптин жок болуп жаткандыгы, күч түзүмдөрүнө көө жаап жатат. “Генералдар” клубунун жетекчиси, генерал-майор Садырбек Дубанаевдин белгилөөсүндө, маралдык-духу күчтүү аскери бар мамлекет, кубаттуу мамлекет боло алат. 

Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө жасалган реформа армиянын аскердик жөндөмдүүлүгүн арттырууга, кандай гана кооптуулук болбосун татыктуу жооп берүү дараметин бекемдөөгө багытталат. Учурда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы менен Коргонуу министрлигинин өз ара майнаптуу кызматташуусуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын Президент Алмазбек Атамбаев да баса белгилеген. Ошондой эле реформанын негизинде аскер кызматкерлерин социалдык камсыздоо, турак-жайдын сырткары айлык-акы, медициналык тейлөө жана татыктуу пенсия менен камсыздоо. Андан сырктары алардын үй-бүлөсүн социалдык камсыздоогоалып, жумуш менен камсыздап,  мектеп, бала-бакча көйгөйлөрүн чечип берүү мезгил талабы.

С. Идирисов 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз