Укук коргоо

Былыгы бар прокурорлор жоопко тартылбайбы? image

21 Июнь, 2016 3010

 

Кыргызстанда мыйзамсыз кылмыш жоопкерчиликке тарткан тергөөчүлөр жана прокурорлор жоопко тартылбай келет. Бул тууралуу 2014-2015-жылдары күч структуралары тарабынан жарандардын мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын иликтөөгө алган убактылуу депутаттык комиссиянын корутусунда айтылды. Маселен былтыр 111 адам кылмышка шектүү катары абакта олтуруп, кийин сотто акталып чыккан. Муну менен эл өкүлдөрү жарандардын укуктары бузулуп жатканын айтып чыкты.

Убактылуу депутаттык комиссиянын башчысы, депутат Тынчтык Шайназаров бул аралыкта аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.  Анда 2014-жылы, соттон 173 адам акталып чыкканы маалым болсо, былтыр 111 адам күнөөсүз деп табылып, акталган. Бирок бардыгы сот иши аяктаганча өмүрүнүн канча бир бөлүгүн убактылуу кармоочу жайда өткөргөн.

Паракорчулук менен күрөш жүргүзүүчү күч органдары өздөрү коррупционерлердин уюгуна айланып жатат. Мындай пикирин эл өкүлү Рыскелди Момбеков билдирди. Маселен 2015-жылы соттон ак экендигин далилденген 159 сотко кайрыла турган болсо, моралдык жана материалдык чыгымы үчүн мамлекет аларга миллиардаган акчаларды төлөп берүүгө милдеттүү болот.  Ал эми аларга кылмыш ишин козгогондор жоопко тартылбай келет.

С. Идирисов, “Биринчи радио” 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз