Кырсык

Өлкөдө бир күн ичинде 11 өрт кырсыгы катталды image Фото: www

12 Окт, 2020 470

Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу 12-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Бишкек шаарында 1 өрт, Чүй облусунда - 6, Нарын облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Баткен облусунда - 1, Талас облусунда - 1 өрт кырсыгы катталды.

Бишкекте, Киев көчөсүндө, көп кабаттуу турак үйдүн батиринде газ плитасы, жыгач пол, кир жуугуч машина жана шкаф күйүп кетти.

Сокулук районунун Күн-Туу айылындагы Момунжанов көчөсүндө турак үй толугу менен күйүп кетти.

Сокулук айылынын Калинин көчөсүндө Honda Fit жеңил  унаасынын кыймылдаткычы күйүп кетти.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз