Кыргызстан жаңылыктары

Салык боюнча план сентябрь айында 1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды image

13 Окт, 2020 613

Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгында өткөн үч айдын тенденциясын улантып, салык жыйноо планын ашыгы менен аткарды.

Тактап айтканда, сентябрь айында 7 млрд 64,4 млн сом суммасында салыктар жана төлөмдөр жыйналды. Белгиленген план 117,1 папызды түзгөн же 1 млрд 31,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 609,5 млн сомго көбөйгөн.

Жалпысынан үстүбүздөгү жылдын 9 айында 55 млрд 55,2 млн сом салыктар жана төлөмдөр жыйналды.

Салык кызматы октябрь айы, ошондой эле жалпы үстүбүздөгү жыл үчүн салыктарды толук көлөмдө жыйноо боюнча зарыл болгон иштерди жүргүзүүдө.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз