Саясат

ШКУнун 15 жылдык декларациясы кабыл алынат image

24 Июнь, 2016 2311

Бүгүн Шанхай Кызматташтык уюмунун саммитинде каралган негизги иш-чаралар өтөт. Жыйын соңунда ШКУнун 15 жылдык декларациясы кабыл алынаары күтүлүүдө. Кечээ уюмга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн башчылары Ташкентке чогулушту. Саммитте өзгөчө көңүл бурула турган маселелер коопсуздукка байланыштуу. Талдоочулар терроризм көйгөйү күчөп турганда Шанхай кызматташтык уюмунан ага каршы чаралар зарыл экенин белгилешет.

Саммитте коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулаары кабарланган. Талиптердин таасири артып жаткан шартта Ооганстан тараптан боло турган коркунучтар, терроризм, экстремизм көйгөйлөрү талкууланат. Мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Шанхай кызматташтык уюмунун бул маселелерге көңүл буруп жатышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилейт. Ал ошондой эле Борбор Азиядагы талаштуу делген энергетика, чек-ара көйгөйлөрүн да чечишип алуу зарыл деген пикирде. Аталган маселелер жыйындын күн тартибине кирбесе да, бейформал сүйлөшүүлөрдүн жардамы тиерин айтат.

Ал эми уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары ШКУнун ишмердүүлүгүнө жогору баа беришет. Муну ага кошулуу ниетин билдирген өлкөлөрдүн көбөйүп жатышын мисал келтиришет. Өзбекстанда өтүп жаткан саммитте Пакистан менен Индияны толук кандуу мүчөлүккө кабыл алуу маселеси да каралат. Аталган эки өлкө аймактык, чек-ара талаштарын чече албай келишет. Саммитке катышуу үчүн Ташкентке барган орус президенти Владимир Путин алар Шанхай кызматташтык уюмунун катарына кошулушса карама-каршылыктарын жоюу үчүн шарт түзүлөөрүн белгилейт.

Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрү мүчө. Ал эми Иран, Индия, Пакистан, Монголия, Ооганстан жана Белорусия байкоочу макамына ээ. Саммитке катышуу үчүн кечээ Ташкентке президент Алмазбек Атамбаев да барды. Аны аба майданында коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Жыйындан сырткары Атамбаев Өзбекстандын, Кытайдын жана Ооганстандын лидерлери менен жолугушуп, кызматташтыкка байланыштуу эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Калыгул Асамбаев, «Биринчи радио»   

 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз