Кыргызстан жаңылыктары

Ош шаардык ички иштер башкармалы: бир күндө Ошто 33 кылмыш катталды image Фото: www

23 Окт, 2020 156

Ош шаарында абал туруктуу, - деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, бардык мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү, тамактануучу жайлар кадимки тартипте иштеп жатат. 

"Милиция күчөтүлгөн тартиптеги кызматын улантууда. Акыркы суткада Ош шаарында 33 кылмыш жана окуя катталып, алардын 29унун бети изи сууй электе ачылган", - деп айтылат маалыматта. 

Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары, элдик кошуундар менен кылмыштуулуктун, жугуштуу илдеттин алдын алуу боюнча кызматтарын улантышууда.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз