Кыргызстан жаңылыктары

Өлкөгө дээрлик 700 миң сомго мыйзамсыз ташылып келген жемиштер кармалды image Фото: www

23 Окт, 2020 159

Өлкөгө дээрлик 700 миң сомго мыйзамсыз ташылып келген жемиштер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Вольво” үлгүсүндөгү унаа токтотулуп текшерилген. Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 11 миң 647 килограмм жүзүм жана курма табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 697 миң 270 сомду түзгөн. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз