Экономика

Балыкчы-Корумду жолу 18-августка чейин бүткөрүлөт image

25 Июнь, 2016 6321

«Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» унаа жолун куруу иши 18-августка чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу Транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров “Биринчи радиого” билдирди. Учурда аймакта иш кызуу жүрүп, “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки бөлүгүндө көпүрөлөр салынууда. Ал эми жолдун туурасы 4 унаа батканга ылайыкташып, 15 метрге кеңейтилип жатат. Жол куруу ишинин жүрүшүндө жол жээгиндеги 1300 жакын бак-дарактар кыйылат.

Өкмөт май айында Транспорт жана жол министрлигине Балыкчыдан Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыктагы 35 чакырым бөлүгүн, сентябрь айында көл жээгинде өтө турчу 2- Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына чейин бүткөрүү тапшырмасын койгон. Учурда жол боюнда 60га жакын техника иштеп, 570 жумушчу ишти илгерилетип жатат.

Тендерди утуп алган  Кытайдын «Лонг Хай» компаниясы 500 жакын жумушчуну жергиликтүү жашоочулардан алган. Ишти кезектешип эки мөөнөткө бөлүнүп иштеп жатышат. “Жумушчуларга түзүлгөн шарт  канаатандыралык, 3 маал ысык тамагы уюштурулган” дейт Балыкчы шаарыны тургуну Кенжебек Чөлкөев.

Ошондой эле Балыкчыдан-Корумдуга чейин узундугу 22 метрге жеткен суу өткөрүүчү түтүкчөлөр орнотулуп жатат. Андан сырткары жол куруу ишинине тоскоолдук кылган, жол жээгинде тигилген 1300 жакын бак-дарактар кыйылат. Анын ичинде Чолпон Атадагы белгилүү Раппопорт алеясындагы бактар бар. Транспорт министринин алдындагы Жол чарба департаментинин башкы инжинери Жумаш Соодонбаевдин айтымында бактарды кыйылуусу башкы планда көрсөтүлгөн. Анткени  жолдун туурасы 4 унаа батканга ылайыкташып, 15 метрге кеңейтилип жатат.

Деген менен туристик сезондун башталышы менен жолду куруу ишинин дал келиши эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып жатат. Тамчы, Чок-Тал жана Кара-Ой айылдарынын тушуна убактылуу айланма жолдор салынган. Транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров жол куруу жана асфальт төшөө иши дайыма жай мезгилине туш келет. Анткени курулуш иши аба ырайына көз каранды.

Министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров кошумчалагандай «Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду» жолун куруу иши кышында да уланат. Ал эми жолдун жалпы узундугу 104 чакырымга созулат.

С. Идирисов, “Биринчи радио”

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз