Саясат

Жогорку Кеңештин төрөгалыгына Талант Мамытов көрсөтүлүүдө image Фото: www

4 Нояб, 2020 1594

Жогорку Кеңештин 4-ноябрдагы жыйынында «Республика-Ата Журт» фракциясы төрагалыкка талапкер катары депутат Талант Мамытовду сунуштады.

Бул тууралуу аталган партия мүчөсү Өмүрбек Бакиров  чечим фракция тарабынан 3-ноябрда макулдашылганын айтты.

Учурда талапкерди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укукуктук маселелери боюнча комитети кароодо.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев президенттик шайлоого катыша турганын жарыялап, спикерлик кызматын тапшырды.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз