Дин

Динчил атасынын кысымына чыдабаган уулу үйүнөн качып чыккан image

28 Июнь, 2016 1438

Мыкты окуган мектеп окуучусу  ашкере динге берилип кеткен атасы тарабынан кысымга дуушар болуп, үйүнөн качып чыккан. Мындай учур «Балдарга карата зомбулукту токтотолу» долбоорунун алкагында белгилүү болду. Жаш балдар ур токмокко алынып, сексуалдык жактан кодуланып, оор жумуштарга тартылып жаткан учурлар коомчулук үчүн бегилүү.

“Балдарга карата зомбулукту токтотолу” долбоору 10 ай мөөнөттө Бишкек шаарынын тегерегиндеги ички миграция күчтүү делген жаңы конуштардагы 30 мектеп менен иш алып барган. Бул  аралыкта жалпысы 80дин тегерегиндеги балага зордуктун ар түрдүү формасы көрсөтүлгөндүгү аныкталган.

Адистер өлкөдө диний багытта туура маалыматтарды жеткирүүгө муктаждык бар экендигин белгилешет. Равшан Ажы Эратов динде мажбурлап, ур- токмокко, кысымга алуу күнөө катары каралаарын айтуу менен динге болгон ишеним жакшы сөздүн аркасы менен жаралышы керек экендигин баса белгилейт.

Кыргызстанда дин тутуу эркин жана бул укук конституция менен бекемделген. Учурда  өлкөдө бир канча жамааттар, агымдар бар. Адистердин белгилөөсүндө айрымдарынын пайда жагы менен кошо зыяны болушу мүмкүн. Андыктан дин бизге эмнени сунуштап жатат, биздин ан- сезимибизди  кандай абалга өзгөртө алат деген суроону ар бирибиз өзүбүзгө берүүгө жетишүү керек.

Учурда Кыргызстанда гана эмес дүйнө боюнча диний кырдаал талылуу маселелердин бирине айланды. Адистердин белгилөөсүндө  соңку жылдары  өлкөдө диний агартуу иштери колго алына баштады. Айтсак Муфтият өзүнүн ишин реформалоо максатында дин тармагында иштеген бардык кызматкерлерин аттестациядан өткөрүүдө. Билим берүү министрлиги мектеп партасына тартылбаган балдарды  рейдге алып, анын негизинде медреселерге чейин барышкан.

Н. Молдокулова, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз