Кыргызстанда аскер кафедралары жабылат image

29 Июнь, 2016 2535

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган аскер кафедраларын жабуу боюнча мыйзам долбоорун Парламент колдогон. Мыйзамды демилгелеген Өкмөт алты жыл аралыгында аскер кафедрасын аяктагандардын саны чектен бир топ ашып кеткенин белгилейт. Аскерий серепчилердин Өкмөттүн Аскер кафедраларын жабуу кадамын колдогондору болгону менен, ага каршы пикирди кармангандары да бар.

Демилге өткөн аптада Парламентте каралып, 109 депутат макул, бир эл өкүлү каршы добуш берди. Өкмөттүн өкүлү катары баяндама жасаган Адыл Курбановдун айтымында, 2009-жылдан тартып 2015-жылга чейин 18 миңден ашуун адам аскер кафедрасын аяктаган. Бул муктаждыктан 20 эсеге көп.  Мындан сырткары, аскер кафедрасында окууну каалагандар жыл сайын өсүүдө. Бул коррупциялык схеманын өсүп жатканынан кабар бергени белгиленип, ошондуктан аскер кафедраларын жабуу сунушталган.

Камдыктагы Генерал-майор Ашырбек Бакаев Өкмөттүн мындай демилгесин колдойт. Ал Аскердик кафедранын аяктап, офицер наамын алгандардан  сапаттуу кызмат күтүүгө болбойт деп эсептейт.

Өкмөттүн демилгесине ылайык, аскер кафедралары жабылгандан кийин альтернативдик кызмат өтөө жүзөгө ашат. Анда жоокерлер эки категория боюнча кызмат өтөй алышат. Биринчисинде 25 миң сом төлөп, аскердик билетке ээ болот да, бирок келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө жол жабылат. Ал эми экинчи категория боюнча кызмат өтөгөндөр 50 миң сом төлөп, бир ай машыгуудан өтөт. Булар келечекте күч түзүмдөрүндө иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бакыт Тапаев "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз