Укук коргоо

Педофилдерге жана террорчуларга өлүм жазасы кириши мүмкүн image

29 Июнь, 2016 2799

“Референдум жөнүндөгү” мыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин профилдик комитети колдоого алды. Эгер бул мыйзам Парламент тарабынан кабыл алынса, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жүргүзүлүшү мүмкүн деген пикирин айрым эскперттер билдирсе, демилгечилер бул мыйзам педофилдерге жана террорчуларга өлүм жазасын киргизүү үчүн зарыл экендигин айтат.

“Референдум жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү кийирүү боюнча мыйзам долбоор 5-чакырылыштын депутаттары тарабынан да көтөрүлгөн. Анда биринчи окууда өтүп, экинчи окууда колдоо тапкан эмес. Бул ирет долбоорду депутаттар Өмүрбек Текебаев, Бакыт Төрөбаев, Тынчтык Шайназаров жана Алманбет Шыкмаматовдор демилгелеп, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитетинин отурумуна алып чыкты.

2010-жылга чейин, Кыргызстандын тарыхында референдум негизинен бийликтин саясий куралы катары колдонулуп келген. Ал эми апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн Убактылуу өкмөт бийлигин референдум аркылуу мыйзамдаштырган. Ал эми 2020-жылга чейин негизги мыйзамды өзгөртпөш үчүн мараторий жарыяланган.

С. Идирисов, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз