Коргонуу жана коопсуздук

Стамбулдагы жарылуудан 2 кыргыз жараны жабыркады image

29 Июнь, 2016 3011

Түркиянын Стамбул шаарында болгон жардыруулардан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар болушу ыктымал. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Кечээ, 28-июнда түндө Стамбулдун Ата-Түрк аэропортундагы жардыруулардан кеминде 36 адам каза болуп, 150 жакын адам жараат алган. Түрк Өкмөтү  бул чабуулдун артында “Ислам мамлекети” турат деп шектейт.

Үч жанкечти террорист аэропортко такси менен келген. Алгач үчөө тең ала келген куралынан ок чыгарып, андан кийин өздөрүн кошо жардырган. Жанкечитердин аракетин аэропорттогу видео-камералар тартып калган. Учуп-кетүү жана келүүлөр терминалында удаасы менен 2 жарылуу болсо, 3-жарылуу унаа токтотуучу жайда болгон. Окуяга күбө болгондордин бири.

«Күтүүсүздөн катуу жарылуу болду. Аэропорттун  ичинде да катуу болгону сезилди. Айрым жүргүнчүлөр автоматтын атылган үнүн да  угушкан. Мен ички терминалдардын биринде элем”.

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым чукул маалымат жыйын өткөрүп, каза болгондордун саны 36 ал эми жараат алган жарандар 150гө жакындаганын билдирген. Ошондой эле ал терроризм жалпы адамзаттын балээси экенин, ал бүгүн дагы бир жолу айкындалып жатканын баса белгилеп, бул чабуулдун артында “Ислам мамлекети” турат деп билдирген.

28-июнда жарылуу болгон аэропортто саат 21:35 жана 00:35те "Түрк аба жолдору" компаниясынын Стамбул - Бишкек каттамы боюнча эки рейси бар болчу. Аларга каттоо 19:35 жана 22:35те башталган. Бул рейстерге келген жана аларды коштогондор арасында кыргыз жарандары болушу мүмкүн деп билдирди Тышкы иштер министрлигин басма –сөз катчысы Айымкан Кулукеева.  Учурда Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу аталган рейстерге билет алган кыргызстандыктардын саны такталууда.

Ата-Түрк аэропортунда болгон окуядан кийин аэропорт башка учактарды кабыл албай, учактар Анкара, Бурса, Измир, Кожаэли, Чорум жана Стамбул шаарындагы Сабиха Гөкчен аэропортторуна конууга мажбур болгон. Ал эми Бишкектен Стамбулга багыт алган учактар 28-июнда учпай калган. "Манас" эл аралык аэропортунун басма-сөз катчысы Алия Курбанованын айтымында,  учурда Стамбулдан Бишкекке келе турган учактардын баары учуп келген жана 29-июнда Түркияга алгачкы учак учуп жатат.

Жардырууга күрт сепаратисттери же өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун тиешеси бар деген божомолдор айтылып жатат. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кыргыз жарандарын Стамбулдагы акыркы кырдаалга жана теракт коркунучуна байланыштуу эл көп чогулган жерлерден алыс болууга" жана "коомдук транспорттун кызматтарынан баш тартууга" чакырат. Эске салсак, акыркы жарым жыл ичинде эле Түркияда бир нече ири теракттар болуп өттү. Былтыр күзүндө Анкарадагы жардыруудан 100дөн ашуун адам каза болсо, быйыл жазында Стамбулдун туристер көп жүрүүчү борборунда болгон терактан онго жакын адам каза болгон.

С. Идирисов, “Биринчи радио” 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз