Коронавирус

Пневмония менен ооругандар үчүн томографиядан өтүү керек деген талап алынды image Фото: www

26 Нояб, 2020 1068

Пневмония менен ооруган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынып салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева билдирди. 

“Учурда ар бир облуска бирден компьютердик томограф аппаратын сатып алуу боюнча пландар бар. Донорлор табылган, сатып алуу иштери боюнча процесстер жүрүп жатат. Ошол эле учурда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынды”, - деди ал.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз