Мультимедиа

Жаңы жылдык даам - оливье image Фото: www

10 Дек, 2020 3155

Жаңы жылдык дасторконду тоюмдуу оливье салатысыз элестетүү кыйын. Андыктан, бүгүн аталган азыктын жаралуу тарыхына токтолобуз.

Оливье – дүйнөгө кеңири жайылган майрамдык салат. Бул салат 1960-1970-жылдары өнөр жайда өндүрүлгөн эт жана майонез салыштырмалуу арзан болуп калганда массалык популярдуулукка ээ боло баштаган.
 Атактуу оливье салатын 19-кылымдын экинчи жарымында Россияда француз ашпозчусу Люсьен Оливье ойлоп тапкан жана ысымы ыйгарылган.

Ашпоз салаттын курамын башкалардан кызганып, даярдоо жолдорун эч кимге ачыктабай, жабык эшик артында жасаган жана сырткы көрүнүшүн абдан кооз кылып бергенге аракет кылган.

Бир жолу француз ишкери  бул тамакты буюртма берген кээ бир адамдар кабатталып жасалган кооз салатты аралаштырып бирдей масса кылып алганын байкайт. Ошол күндөн тартып  бардык ингредиенттерди аралаштырып, үстүнө провансаль чыгын кошуп жасай баштаган.

1883-жылы Люсьен көз жумгандан кийин өзү иштеткен Эрмитаж рестораны узак убакыт бою ресторан колдон колго өтүп, атактуу рецепт борбордун бай адамдарынын үйлөрүндө гана жасалып калган . Борбор калаадагы эң бай адамдардын жеке ашпозчулары француз кожоюнунун рецебин жаңыртууга аракет кылышып, кечки тамак учурунда бул белгилүү салаттын түрүн жасашкан.
 Ошентип,  20-кылымдын 20-жылдарынын орто чениндеги Москва ресторанынын версиясы боюнча оливье салатынын курамы: 6 картошка, 2 пияз, 3 орто сабиз 2 туздалган бадыран, 1 алма, 200 грамм кайнатылган канаттуулардын эти, 1 стакан жашыл буурчак,  3 кайнатылган жумуртка жарым стакан зайтун майонези, татымына жараша туз жана калемпирди түзгөн.

Замандын өзгөрүшү менен аталган даамдын дагы курамы өзгөрүп турган.

Кызыктуу фактылар

Дүйнөдөгү эң көп өлчөмдөгү оливье салаты 2016-жылдын 24-декабрында Екатеринбург шаарында жасалгып,  салмагы 3333 кг түзгөн. Ага 813 кг картошка, 470 кг сабиз, 400 кг бадыраң жана колбаса, 300 кг жумуртка, 350 кг буурчак жана 600 кг майонез керек болуп, 60 ашпозчу бир нече сменада иштешкен.

Салатта жумуртка жана картошка дасторконго канча адам чогулган болсо, ошончо болушу керек деген божомолдор бар.

Биринчи жолу Оливье салатынын рецеби 1894-жылдын 31-мартында №6 "Биздин тамак" журналында пайда болгон.

2013-жылдын 23-ноябрында Беларуссия оливье салатын эң тез бышыруу боюнча рекорд койгон. Рекорд Philips кулинардык фестивалында белгиленип, КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн Divo рекорддор китебине кирген. Компаниянын өкүлдөрү 20 литр салатты 10 мүнөт 5 секунд 20да даярдашкан.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз