Саясат

А.Атамбаев: мага бийликтин да, кызматтын да кереги жок. Мөөнөтүм бүткөндө кетем image

16 Янв, 2016 1731

Тажикистандын бийлиги президенттикке келечектеги талапкерлердин жашын 35тен 30га түшүрүү үчүн  Баш  мыйзамга  өзгөртүү киргизүүгө    белсенип  жатат.   Бул  кадам    улуттун лидери деп табылган азыркы   президент   Эмомали   Рахмондун укуктарын кеңейтүүнү    жана  өз  мураскерине  бийликти  өткөрүп  берүү жагын  карай  тургандыгы  айтылууда. 

 Ошентип, Тажикистан президенти  Эмомали Рахмон      өлкөнүн  Баш  мыйзамын  өзгөртүү  сунушу  менен  чыкты.  Өзгөртүүнүн   өзөгүн   түзгөн  негизги  жагдай  бул   өлкө   президенттигине    келечектеги талапкерлердин жашын 35тен 30га түшүрүү   жана  аны референдум  аркылуу  өткөрүү  маселеси.   Тажик  коомчулугу  үчүн  чагылгандай  тез  тараган  бул  маалыматты  бул  өлкөнүн  эли гана  эмес, жалпы  Борбор  Азия  да  кызуу  талкуулап  жатат.  Тажикистандын баш мыйзамы бир нече жолу өзгөртүүлөргө туш болгондугун  эске  салган   талдоочулар  бул  кадам  менен   тажик  президенти  Эмомали  Рахмон   азыркы бийликте   өз таасирин сактап калуу жана бекемдөө каалоосунан келип чыккандыгын  айтышууда.   Ал эми  басымдуу  көпчүлүк   талдоочулар   Президент Эмомали Рахмон келечектеги ордун басчу адамды расмий түрдө атай элек, бирок акыркы учурларда тажик президентинин уулу Рустам Эмомали мамлекеттик кызматта ийгиликтүү көтөрүлүп жаткандыктан   аны    ордуна  калтыруу  аракети  катары  баалашууда.  Бул  чөлкөмдөгү саясат  талдоочу  Виктория  Панфилованын  пикири  төмөндөгүчө:

-Өлкөнүн   баш  мыйзамына  өзгөртүү  киргизүү    аракети  Эмомали  Рахмондун  өз бийлигин  сактап  калууга  болгон  кадамы,    же  өз  мураскорун  дайындоого   кам  урганы  катары    каралып   жатат.  Бул  эки  ойдо  тең   чындык  бардай.  Бир  жагынан  алганда  ал  коңшу  өлкөлөрдүн  лидерлерине  салыштырмалуу  жаш,  дагы  он  жылдай  мамлекетти  башкара  алат,  экинчи  жагынан  өз  уулу  азыр  отуздун  тегерегинде. Эгер  аны  президент  кылгысы  келсе,  анда  мыйзамга  өзгөртүү  киргизип,  30 жаштан  деп  оңдоо  керек.  Бирок,  менимче  мамлекетти  башкаруу  үчүн  бул  курак өтө  жаштык  кылат.

  Айтмакчы,  Тажикистанда келерки президенттик шайлоо 2020-жылга коюлган жана анда президенттин уулу отуз үчкө толот.  Бул  өлкөдө  кабыл  алынган  азыркы   мыйзам боюнча анда уулу Рустам Эмомали президенттик орунга ат салыша албай калат. Ошондуктан,  эртерек  чыгынып бийликти  бекемдөө  аракетин көрүү  керек.  Бирок,   айрым  серепчилер   Борбор  Азиядагы  башка  өлкөлөрдүн  президенттин  жаш  курактарына   салыштырмалуу  Рахмонду    анчалык кары эместигин  да  эске  салышууда. Айталык  Казакстандын  президенти  Н.Назарбаевдин  жашы  76  да,  бийликти  27  жылдан  бери  башкарып  келатат.  Ал  эми  өзбек  лидери  Ислам  Каримов  77 де  жашта,  ал  дагы  президенттик  тактыда  27  жылдан  бери  отурат.  Эмомали  Рахмон  болсо  2020-жылы 68ге толот. Демек, президенттик укуктан баш тартаарына өлкөдө көпчүлүк ишенбейт.

 Кызуу  талкуу  жараткан  Баш  мыйзамга  киргизилип  жаткан  өзгөртүүлөр  тууралуу  учурда  тажик  коомчулугунун  тааныштыгы  жок  экендиги  да  айтылууда. Мынчалык  сыр  болуп  жатышы  эмнеге  байланыштуу   экендиги  да  ар  кыл ойлорду  жаратууда  дешет   талдоочулар. Тажикстандын төмөнкү  палатасынын  депутаты  Олим  Бобоев  киргизиле турган өзгөртүүлөр парламенттин профилдик комитеттеринде каралгандан кийин белгилүү болоорун    айтат.

- Азырынча   бул  Баш  мыйзамга  өзгөртүү  киргизүү  маселеси  кеңири  талкууга  алына  элек.  Ал  парламенте  талкууланып,  жакшылап  иштелип  чыгышы  керек. Сунуш  пикирлер  айтылат  деген  ойдомун.

Азыркы конституция бир киши президенттикке эки жолудан көп талапкерлигин коюуга жол бербейт, бирок бул мыйзам декабрда президент Рахмон алган жаңы даражага - улуттун лидерине өтпөйт.    Улуттун лидери даражасы Рахмонго өлкө саясатына катышууга чеги жок мүмкүнчүлүктөрдү берет.    Айтмакчы,  бир  адамга  болгон  өзгөчө  сый  урмат  демократиялык  өнүгүү  жолундагы  Кыргызстандан  башка ,  Борбор Азиядагы көпчүлүк  президенттерине  тиешелуу дешет  талдоочулар.  Мисалы  өзбек  лидери   Ислам  Каримовду   «биздин  падышабыз»  дешсе, Казак  президенти  Н.Назарбаевге  расмий  түрдө   “елбасы  же  улут  лидери”  наамы  берилген.   Ал  эми   туркменстандын  президенти  Гурбангулы   Бердымухамедов      «Аркадаг»  титулун  алып  жүрөт.

Башка  өлкөлөргө  салыштырмалуу  Кыргызстандын  президенти  А.Атамбаев   ар  убак  өз  мураскерин  даярдоо  же   бийлигин  узартуу  аракети  оюнда  да  жок  экенин  айтып  келет.  Атамбаев  үчүн   мыйзам  баарынан  улук.

-  Мен мураскор даярдаган жокмун, даярдабайм дагы. Эл татыктуусун өзү тандасын. Мага бийликтин да, кызматтын да кереги жок, мөөнөтүм бүткөндө кетем. 2,5 жылдан кийин өзүңөр каалаган президентти шайлап алгыла”.

  Учурда Борбор Азия  мамлекеттериндеги  кырдаалга  көз  салган  талдоочулар  карапайым  эл  учун   бийликке   ким   келсе  да    таза  ,  акыйкат  иш  алып  барган  жана  өлкөнүн  туруктуулугу  менен  коопсуздугун  сактай  алган  адам  болушу  керек  дешет.  Анткени  азыркы  учурда  дүйнөлүк  коркунучтардан  сактануу  үчүн  стабилдүүлүк  мааниге  ээ.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз