Коом

Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобаза ишин токтотту image

15 Янв, 2016 416

Анткени мекеменин карызы 3 миллиндон ашып жергиликтүү бийликтин көзүн карап калды.Эгерде тез арада кичи автобустар жумушка чыкпаса мектеп окуучулары үчүн кыйынчылыктар жаралат. Анткени кышкы эс алуудан кайтып келген окуучулар жүргүнчү ташыган маршурттарга болбосо жеке менчик такси кызматына түшүүгө туура келет. Аталган унаалардын жол кире акысы салыштырмалуу кымбат. Бул эле эмес мүмкүнкчүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн дагы кошумча түйшүк жаралат, себеби алар арабасы менен чыгып түшүүгө ыңгайлуу болгон жалгыз гана автобус болчу.

Жергиликтүү жашоочуларды Автобус аркылуу ары бери ташыган Эркин Акматов 15 күндөн бери жумушу жок олтурат. Ал буга чейин муниципалдык авто базанын катардагы айдоочусу болуп, күнүнө өзүнө бөлүнгөн планды толук аткарып, алган маянасына үй бүлөсүн багып келген. Бирок шаардагы баш аламан такси көбөйүп, келип чыккан атаандаштыктан улам автобус айдоочулардын бекитилген жол каттамында эл аз болуп, убактылуу каттам токтотулуп мындагылар жумушу жок калды.

 Жалал-Абад шаарындагы жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобаза 1-январдан баштап өз ишин токтотту. Буга учурда тиешелүү адистер аталган автобустарды бир сыйра техникалык кароодон өткөүшөт. Эл көбүн эсе маршуруттарга андан тышкары такси кызматын пайдалангандыктан, кетирилген чыгым өзүн актабай, коротулган майды актоо кыйынга туруп жатканын жетекчилик билдирүүдө.

Эми каттамды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү бийликтин капчыгына көз каранды болууда. Ошол себептен өткөн жылы автобазага 4миллион 700 миң бөлүнсө бул жылы бир миллионго көп каралуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек автобазага чет элдик грант эсебинен мындан төрт жыл мурун Кытайдан 20 даана кичи автобус алынып келинген.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз