Society

Өлкөдө 168 миңден ашуун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар image

5 Июль, 2016 1191

Кыргызстанда “Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугу тууралуу конвенцияны” ишке ашырууга 6 миллиардтан ашуун каражат керектелет. Бул тууралуу  Эмгек жана социалдык коргоо министрилигинен маалымдашты. Акыркы убактарда майыптардын укугун коргоого кызыкдар коомдук уюмдардын өкүлдөрү, активисттер, өлкө жарандары   Кыргызстандагы майыптардын укуктары боюнча эл аралык Конвенцияны ратификациялоо маселесин ар дайым көтөрүп келишет. Мындан улам, бул маселени чечүү жана ишке ашыруу максатында Эмгек жана социалдык коргоо министирлигинде атайын жумушчу топ түзүлгөн. Конвенциянын негизги максаты-мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды алар толук кандуу жашоодо жашоосу үчүн укуктарына кепилдик берүү. 

"Бул конвенция ратификациядан өткөрүлсө, мамлекет бир катар милдеттерди өзүнө алып, БУУнун алдында отчет берип турмак" дешет эксперттер.

Рахат Кыдыртоктоева, “Биринчи радио”


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз