ММК

Сирияга азгырылып баргандар кайра кайтарылбайт image

5 Июль, 2016 1453

Дүйнөлүк басма сөз 

Америкалык  The Wall Street Journal  гезитинин журналисти , Томас Гроув  «Мурдагы СССРдин республикалары өздөрүн «Ислам мамлекети» деп атаган террордук топ   үчүн жагымдуу шартты түзүп жатат» аттуу макаласын жазып чыкты . 28-июнда Стамбулдагы "Ататүрк" аэропортунда үч ирээт жардыруу болгондон кийин, өздөрүн «Ислам мамлекети »деп атаган террордук топтун катарына  мурдагы Советтер курамындагы республикалардан согушкерлердин  көбөйгөнү байкалат. Түрк бийлиги «Ататүрк»  аэропортун  жардырган жанкечтилер  Өзбекстан, Россия  жана Кыргызстандын жарандары деп жарыялады. 

Россиянын президенти Владимир Путин жогоруда аты аталган террордук уюмга  Борбордук Азия жана Орусиядан 7 миңге жакын согушкерлер  кошулганын белгиледи. Серепчилердин айтымында өзгөчө Түндүк Кавказдын тургундарынын арасында бул террордук топтун диний-радикалдык агымдын азгырыгына алданып баргандардын саны көбөйүүдө.

Ингушетиянын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Жамбулат Оздоевтин  пикиринде Сирия менен Ирактан согуштук тажрыйбасынан өтүп келгендер кайтып келип, келечекте Түндүк Кавказда бийликке каршы үгүт иштерин жана терактыларды  уюштурушат  деп баса белгиледи. Бирок бул аймакта согуш жүрүп жаткан Жакынкы Чыгыштан тымызын кайтып келгендер байкалууда. Былтыркы жылы «Эмират Кавказ » аттуу террордук топтун башчылары өздөрүн «Ислам мамлекети »деп атаган террордук уюмга ант бергенин жарыялашкан. Ошол эле учурда Чечен жана Ингушетия бийлиги Сириядан өз ыктыяры менен кайтып келгендерди, Россия Федерациясынын кызыкчылыктарына  каршы  болгон,чет элдик кагылуушууга катышты аттуу жаңы мыйзамына жараша атайын мекемеде жазасын өтүшөт. Эркиндикке  чыккандан кийин, Рамзан Кадыровтун жарлыгынын негизинде Грозный шаарынынан үй бөлүнүп берилет, жумуш менен камсыз болушат. Жогорку окуу жайдан билим алганга шарт түзүп беришет. Стамбул аэропортуна кол салган жанкечтилердин бири Кыргызстандын жараны деген маалыматты Түркия бийлиги жарыялаган.

Бирок Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты ырастаган жок. 2014 – жылдын аягында Кыргызстандын күч кызматтары Сириядан кайтып келип, Фергана өрөөнүндө терракт жасоого милдеттендирилген топту кармаган. Алардын бири Сирия жана Ирактагы согуштук аракетке катышып келгендерге террордук аракеттерди Фергана өрөөнүндө ишке ашырууга  тапшырмалар берилгенин тергөө учурунда айтып берген. Эл аралык эксперттердин айтуусунда, Сирияга азгырылып барган эркек , аял же  бала болобу- кайра өз эрки менен кайтарылбайт. Коркуп качкандар кармалып калса, “дезертирлик” кылганы үчүн эң оор жаза –өлүм жазасы берилет. Ал эми кайра кайтып келгендер жогорудагыдай “атайын” тапшырмалар менен келишет. Эскерте кетсек, Сирияда жана афган-пакистан согуштук аймагында учурда 500гө  жакын кыргызстандык жаран согушуп жүрөт. Эки жылда Сириядан кайтып келген жыйырма киши кылмыш жообуна тартылган.

Алмаз Батилов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз