Шайлоо 2021

Бюллетендерди кол менен саноодо 83 пайыздан ашык добуш менен Садыр Жапаров алдыда image Фото: www

11 Янв, 2021 993

Бюллетендерди кол менен саноодо 83,92 % добуш алып Садыр Жапаров алдыда келе жатат. Бул тууралуу БШКнын сайтында көрсөтүлгөн. 

Саат 11:00гө карата 2 миң 474 урнанын 1 миң 837синдеги бюллетендер саналып бүттү. Ал эми автоматтык эсептөө урналардын алдын ала эсептөөсү боюнча Садыр Жапаров 79,20 % менен сап башында. Президенттик шайлоого 1 млн 410 миң 50 адам катышты, ал жалпы шайлоочулардын 39,57 пайызын түзөт.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз